Өлкөдө 2021-2022 кышкы туристтик сезон расмий түрдө «Каракол» тоо-лыжа комплексинде ачылды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чара маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун, Туризм департаменти, Швейцариянын Кыргыз жергесиндеги элчилиги, швейцариялык туризмди өлкөдөгү туруктуу өнүктүрүү долбоору, ата-мекендик өнөктөштөр, туристтер жана эс алуучулардын катышуусунда ачылды.

Салтанаттуу ачылышта Азамат Жаманкулов келген бардык меймандарга көңүлдүү маанай каалап, Кыргыз мамлекетинин ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды. Министр кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналарын белгилеп, бул багытта алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер мерчемделип жатканын кошумчалады. Туризм өлкөнүн бардык аймактарында жумуш орундарын түзүүгө жана айыл экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берүүгө негиз болгон тармак болуп эсептелинет. Андыктан Кыргыз жергесинин туристтик дараметин жогорулатуу жана ага шарт түзүү негизги маселелерден экендигин баса белгиледи.

«Өлкөдө жалпысынан 23 тоо-лыжа базасы бар, анын ичинен учурда 17си иштейт. Заманбап тоо-лыжа базалары негизинен Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

Кышкы туризм тоо-лыжасында шаркыратмалар, үңкүрлөр, термалдык жана сейрек булактарга, элдик жана тарыхый музейлерге жана башка көптөгөн кызыктуу жерлерге саякаттоого мүмкүнчүлүк берет», — дешет министрликтин маалымат кызматынан.