Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги коллекциялык тыйындарды чыгарат.

Улуттук банк 1-декабрдан тартып Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын урматына “Тарыхый окуялар” сериясынан “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл” коллекциялык тыйынын, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана COVID-19 пандемиясын жеңүү үчүн эмгектенип жаткан бардык адамдарга ыраазычылык билдирүү катарында “Өмүр сакчыларына таазим!” коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарат.

КМШ эмблемасы “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл» коллекциялык күмүш тыйындын алдыңкы бетинин негизги сюжети болуп эсептелет. Тыйындын төмөн жагында анын номиналы “10 сом” көрсөтүлгөн. “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл / Содружеству Независимых Государств – 30 лет” деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган.