Бюллетендерди кол менен саноо аяктады. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шылдабекова маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, шайлоонун жыйынтыгы кол менен эсептөөнүн негизинде чыгарылат.

«Бирок биз бардык УШКлардын протоколдук маалыматтарын серверге киргизе элекпиз. Эмнеге узак убакытты алууда? Анткени жаңы системага ылайык, ар бир УШКдан 23 протокол келип жатат. Ар бирин серверге киргизүү керек. Мисалы, шайлоочулардын жалпы саны жана ар бир партияга берилген добуштар», — деди Боршайкомдун жетекчиси.

Добуштарды саноо аяктагандан кийин округдук шайлоо комиссиялары арыздарды кароого киришет. «Эгер арыздар болсо фото же видео материалдарды жана башка маалыматтарды тиркөө менен кайрылгыла», — деди Нуржан Шилдабекова.

Белгилей кетсек, БШК имаратынын жанында беш пайыздык тоскоолдуктан өтө элек партиялардын митинги өтүүдө. Алар добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындоону талап кылышууда.