«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Искен Афиджанов билдирди.

«Жаңы эле «Консул» району тарапта Өмүрбек Текебаевге беткапчан бейбаштар тарабынан кол салуу болду», — деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

Ал эми Динар Турдугулова аттуу социалдык тармактын колдонуучусу «Парк Отелдин» жанында эс алып отурган Текебаевге 3 бус менен келген жүздөй адам кол салганын, көз айнегин сындырышып, телефонун алып кетишкенин жазып чыкты.

Анын айтымында, саясатчынын «Парк Отелде» отурган жерине 100дөй адам барып, телефонун алып кетишкен. «Уят! Жаңы эле Текебаевге кол салуу болду. «Парк Отелде» отурган жеринде 3 бусик менен 100дөй киши келип, кол салып, телефонун, көз айнегин алып кетишти»,- деп жазды ал.