Кылмыш-кырсык

Текебаевге кол салды деген шектүү кармалып, телефону кайтарылды

Өмүрбек Текебаевге кол салуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө борбор калаанын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1998-жылы туулган тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кармалган адам терөө кызматына жеткирилип, Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Өмүрбек Текебаевге кол салгандарды ыкчам издөө жана тергөө боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, борбор калаанын криминалдык милициясы тарабынан Чүй облусунда туулган 23 жаштагы Э.Ы. аттуу жаран кармалды», — деп билдирди ШИИБден.

Кечээ, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон. Ал кол салгандар уюлдук телефону менен көз айнегин алып кетишкенин билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button