Баткен облусунда майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бир айлык 15-ноябрдан 15-декабрга чейинки аралыкта 3-декабрдь — Майыптардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлүүдө.

Аталган бир айлыктын алкагында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Мурзаева облус аймагындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан кабар алып, материалдык жардам көрсөттү.

Жалпысынан материалдык колдоо, облус аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыптандыруу борборлоруна, мектеп интернаттарына , жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемелерине көрсөтүлдү.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунда 20 миң 796 майыптыгы бар жарандар бар. Алардын ичинен 18 жашка чейинкилер 2 798, жалпы ооруунун майыптары — 1041, бала чагынан майыптар 2 886, социалдык фонддо каттоодо турган майыптар 14миң 71ди түзөт.