«Жазасыз калуу зордук-зомбулуктун күчөшүнө алып келет, — дейт «Инновациялык чечимдер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Анара Ниязова.

«Акыркы жылдарда гендердик зомбулук фактысы боюнча кризистик борборлорго кайрылгандардын саны өсүп, 2020-жылы 7729 адамды түздү. Аксакалдар сотуна кайрылгандардын саны тескерисинче азайып, алар 2020-жылы 540 болгон. Гендердик зомбулук боюнча соттолгондордун саны 2020-жылы 251 адамды түзөт, бул кайрылуулардын жалпы санынын 1,3% түзөт». Мындай маалыматтарды «Инновациялык чечимдер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Анара Ниязова «Гендердик зомбулуктун курмандыктары үчүн мыйзамдын үстөмдүгүнө жана сот адилеттигине жетүүгө көмөктөшүү: алынган сабактар ​​жана сунуштар» долбоорунун бет ачаарында билдирди.

Жыйынга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом уюмдарынын, эл аралык өкүлчүлүктөрдүн жана уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.