Коом

Видео. Гүлмайдан: «Курбум ырдаганымды байкатпай тартып алыптыр»

Учурда социалдык тармактарда ырдагыны менен көпчүлүктүн жүрөгүн багындырган Гүлмайдан Серикбай Казакстандын Кызылорда облусунан болот.

Жергиликтүү басылмалардын бирине, 27 жаштагы Гүлмайдан Серикбай (сахна аты – Дана) социалдык тармакка тараган видео тасма кантип тартылганы тууралуу айтып берген.

«Кошунам, жакын досума айланган Жулдыз менен иштешип келем. Экөөбүз курулушка чогуу бардык, бош үйдөгү жакшы акустиканын аркасында үн жакшы чыгыптыр. Ал мени байкатпай тартып алыптыр. Видео Өткөн жуманын жума күнү тартылып, ырдадым, эч нерсеси жок, бөлмөдөгү жакшы акустиканын аркасында жакшы тарап кетти деп ойлойм”, — дейт ал.

 

Гүлмайдан 1994-жылы Кызылорда облусунун Шиели районуна караштуу Бестам айылында туулган. Ырчы Коркыт Ата атындагы университеттин жогорку музыкалык билими боюнча билим алган.

«Үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу 3-курстан кийин окууну таштап кеттим. Азыр үй-бүлөлүүмүн, төрт жашар уулум бар», — дейт.

Гүлмайдан көбүнчө кафе-ресторандарда ырдачу. Бирок, пандемия башталгандан кийин, ал акча табуу үчүн үйлөрдү оңдоп курулуш тармагында иштеп баштаган.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button