Кара-Кечеден Бишкекке көмүр вагон менен ташылып келе баштады. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» ишканасы маалымдады.
Көмүр баасы 3000 сомдон сатылат. Жалпы 1200 тонна Мурманская көчөсүндө жайгашкан кампага түшүрүлдү.
Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров Кара-Кече көмүрү 3000 сомдон сатыларын убадалап, көмүр ушул баа менен бериле баштаган.
Бирок арзан көмүр аз-аздан келип, кезекке тургандар көбөйгөн. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жеке ишкерлер алып келген көмүрдүн эленгени 5 700 сомдон, эленбегени 4 500 сомдон сатылып жатканын билдирген.
Булак: Биринчи радио