Эртең, 11-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын  Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети тарабынан уюштурулган  «Илимдүүнү ийгилик издейт» сынагын өткөрөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынактын катышуучулары «Ыйман бутактары», «Очпос өмүр» жана «Бакыт ордосу» диний китептери боюнча билимдерин көрсөтүшү керек. Ар бир адам бул бөлүктөрүнүн бирин тандай алат.

Жеңүүчүгө эки бөлмөлүү батир берилет. Акчалай жана башка сыйлыктар да каралган.

Сынак ушул жылдын март айында жарыяланган. Ал өлкөнүн бардык аймактарында КМДБнын медресе имараттарында жана окуу борборлорунда өтөт.

Возможно, это изображение (текст)