Коом

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын балаты базарына чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын балаты базарына чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Октябрь районунун аймагында, Медеров-7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде балаты базары ачылды.

«Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын Жаңы жылдык балаты базарына келип, балаты сатып алууга чакырат. Бул жаңы жылдын алдында өзгөчө майрамдык маанайды жаратууга таасир берери шексиз. Базардан ар ким өзүнө жаккан ар кандай курактагы, көлөмдөгү жана түрдөгү тирүү даракты таба алат. Ассортиментте арча, туя, сибирь пихтасы, карагай жана башка түрлөрү бар. Бардык ийне жалбырактуулар жабык тамыр системасы менен, башкача айтканда топурагы менен сатылат. Жаңы жылдык майрамдардан кийин дарактарды ачык жерге көчүрсө болот. Сатуу боюнча кеңешчилер дарактарды кантип туура отургузуу керектигин айтып беришет. Балаты базары 2022-жылдын жаз айына чейин ишин улантат», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button