Коом

Ош шаарында документи жок үйлөргө техникалык паспорт берүү башталды

Бүгүн, 15-декабрда  Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Жапалак аймактык башкармалыгынын Мээркан айылындагы үйлөрдүн техникалык паспортун тапшырды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кезинде мыйзамсыз курулган үйлөргө ээлери документ ала албай келишкен. Өлкө башчынын документ берүү демилгесинен соң мэр Мамбетов Оштогу бул көйгөйдү чечүү боюнча тапшырма койгон.
Ага ылайык Жапалактагы 13 айылда 800гө жакын үй мыйзамсыз курулганы маалым болгон. Анын ичинен 300 турак жайга техникалык изилдөө жүргүзүлдү. Учурда калган үйлөрдө да мобилдик топтор иш алып барууда.
Шаар башчы техникалык паспортторду тапшыргандан сырткары жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн укту. Мээркан айылына коомдук транспорттордун каттамын көбөйтүү, таза суу маселелери айтылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button