Хан-Мансийск автономдуу округунун Сургут шаарында 15-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча 8:00дөр чамасында техникалык тейлөө станциясында газ баллону жарылган. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарылуунун кесепетинен 10 адам жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандардын арасында кыргызстандык үч жаран бар: 1979-жылы туулган Э.Ж.И., 1981-жылы туулган К.Б.Х., 1990-жылы туулган Х.Э.К. Жарандардын абалы орто деп бааланууда. Алардын баары Сургут шаарынын күйүк борборуна жаткырылган.

Аталган унаа оңдоочу жайда унааларга газ жабдыктарын коюу жана тейлеп келген. Алдын ала маалымат боюнча, газ баллонунун басымы түшүп кеткен. Жарылуудан улам имараттын чатыры кулап түшкөн.

Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Сургут шаары боюнча тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан унаа оңдоочу жайда газ-аба аралашмасынын пахтасы фактысы боюнча процессуалдык текшерүү уюштурулган.

Белгилей кетсек, бул окуя Россиядагы кыргыз элчилигинин Сургуттагы канцеляриясынын көзөмөлүндө.