Алимбеков – Атазов таймашы Президенттин тегерегиндеги тассирлүү күчтөрдүн күрөшүн дагы бир жолу айгинелеп койду. Учурда 3 чоң топ бийлик устукандарын талашып жаткан учуру. Биринчиси – артында Президенттин жакын адамдары турган “Ишеним” партиясы, экинчиси, артында Камчыбек Ташиев турган “Ата-Журт-Кыргызстан” партиясы жана үчүнчүсү артында Талант Мамытов турган “Ынтымак” партиясы. Ортодо Биринчи Леди да өз партиясын өткөрөйүн деди. 1 күн өткөрдү. Карашса, болгудай эмес. Анан кайра 5 пайыздык босогого саал-паал жетпей калды кылып коюшту. Жогоруда мен айткан  3 партия ар бири 15-17 ден мандат алып алганда, Байсалов айткандай, бийликтин “кылы кыйшаймак эмес”. Бирок “Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту”, — дегендей, шайлоочулардын 30% га жетпеген бөлүгү араң келди. Анда да бир мандаттуулар, партиялар ташып атып ушул көрсөткүчкө чыгарышты.

Ушундай болуп калгандан кийин, Президент тегерегиндеги ар бир күч өздөрүнө бир мандаттуулардан депутаттарды тартуу аракетинде.

Узун кулактардын айтымында, чуулгандуу Төлөйкөн округунан мандат талашкан Алимбековго Камчыбек Ташиев, Генпрокурор Курманкул Зулушев  назарын таштаса, Шайлообек Атазовду Президенттин тегерегиндеги күчтөр колдоого алып жатат деген сөздөр бир топтон бери айтылып келе жатат. Андыктан «Шаардын казысы апамдын ойношу болсо, арызымды кимге айтам»   болуп, Атазовдун Кудайдан башка арызданаары калбады.

Айсбергдин түбү боркулдап кайноодо. Кыл кыйшайып калбоосу үчүн өз депутаттарын алып келүү аракети болуп көрбөгөндөй күчүндө. Добушту сатып алып келеби, уурдап алып келеби, кызыл шапке, көк шапкелерге «шапке» берип алып келеби, БШК аркылуу уруп түшөбү, иши кылып шайлоонун адал-арамы ылганбай турган чагы. Ортодо утулган, алданган, үмүт кылган – баягы эле байкуш эл.

Автор    Нургазы Мусаев