Бишкектин көчөлөрүнө 60 миң даана көчөт отургузулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы 60 миң жашыл тосмо көчөттөрүн отургузууну пландаштырып жатат. Көчөттөрдү отургузуу иштерин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзөт.

«Учурда 20 миң даана көчөт Бөкөнбаев-Абдрахманов, Чүй-Гоголь жана Ч.Айтматов, Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүнө отургузулду», — деп айтылат маалыматта.