Кыргызстанда 22-декабрга карата коронавирус дагы 50 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 18, Ош шаары – 1, Чүй облусунда – 5, Ош облусунда – 10, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – ё0, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 48 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 295 бейтап, амбулатордук түрдө 354 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 319 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 400 киши айыгып чыкса, 2 миң 787 адам каза болду.