Коом

Бактыбек Калмаматовду УКМК кармап кетти

Экс-депутат Бактыбек Калмаматовду УКМК кармап кетти. Бул тууралуу ал  өзү  «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирип, кайрылуу жасады.

Бактыбек Калмаматов не смог вылететь из страны, его вызвали на допрос в ГКНБ

Анын айтымында, кечээ, 21-декабрда Умра сапарына 14 күнгө бара жаткан учурда «Манас» эл аралык аэропортунан Чек ара кызматы өлкөдөн чыкканга чектөө коюлганын маалымдаган.

«Мен алардан сурасам, УКМКнын башкармалыгы: «Калмаматовду кармагыла жана мага маалымдама бергиле», — деп тапшырма берген экен. Азыр мага УКМКнын эки кызматкери келип, УКМКнын имаратына алып бара жатышат. Мени күбө катары чакырып жатат экен, бирок эмне иш боюнча экенин айтышкан жок», —  деди Калмаматов.

Ошондой эле ал тарапташтарына кайрылып, тынчсызданууга негиз жоктугун, өзүн эч бир ишке тиешеси жок экенин айткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button