Энергетика министри Доскул Бекмурзаев энергетиктердин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу  аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу энергетиктер жана кымбаттуу тармактын ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм!

Энергетика тармагы өлкө экономикасынын өзөгүн түзөт. Ошондуктан бул стратегиялык тармактын өнүгүшүнө өлкө жетекчилиги өзгөчө көңүл бурууда.

Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүсүз камсыз кылуу, кубаттуулукту көбөйтүү жана энергиянын кошумча булактарынын потенциалын колдонуу боюнча жумуштар жигердүү башталды. Ал иштер сиздердин эмгегиңиздер менен илгерилейт.

Энергетиктердин эмгеги татаал. Мына ошол ак эмгек жана адал ишиңиздер менен керектөөчүлөргө жарык жана жылуулук тартуулап жатасыздар.

Бардык энергетиктерге бакубат жашоо каалайм, жылуу күндөр көп болуп, жарык дайыма жанып турсун!»