Коом

Баткенде өрүктүн данегинен май чыгаруучу цех ачылат

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда Бириккен улуттар уюмунун дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте 4 тараптуу келишимге кол коюлду.

Тараптар Бириккен улуттар уюмунун дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Баткен райондук мамлекеттик администрациясы, Кара-Бак айыл өкмөтү, «Алыш-Дан Органик» айыл чарба кооперативи.

Төрт тараптуу келишимдин алкагында өрүктүн данегинен май чыгаруучу цех  Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына ачылат. Долбоорду Япон өлкөсү каржылап, бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы цехке керектүү болгон шаймандар менен камсыздайт.

Ошондой эле турмуш шарты оор болгон 300го жакын жаранды өрүктү кургатуу, кайра иштетүү жана башка ушул сыяктуу  окуудан өткөрүшүп, алардын ар бирин бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы акчалай камсыздап турат.

Возможно, это изображение (5 человек и люди стоят)

Учурда келишимдин негизинде алгачкы жумуштар башталып жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button