Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын «Үмүт булагы» коомдук фонду келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктоо үчүн Төмөнкү-Серафимовкадагы карылар жана майыптар үйүнө барды. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган фонддун директору Жапарова аталар жана апаларды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

«Өтүп жаткан жыл оңой болгон жок, белгилүү бир кыйынчылыктар жана түйшүктөр менен коштолду. Эч нерсеге карабай чоң үмүт менен бирге алга карай бара жатабыз», — деди ал.

Фонд белектерди тапшырып, ошондой эле социалдык мекемеге керектүү материалдык жардам көрсөттү.

Возможно, это изображение (4 человека, люди сидят, люди стоят и в помещении)

Возможно, это изображение (3 человека, люди играют на музыкальных инструментах и люди стоят)