Жаңы шайланган депутаттар келерки аптада ишке киришет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аппаратынан билдиришти.

Пленардык жыйын 28-декабрда, шейшембиде кезексиз өткөрүлүшү мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Ал эми БШК бул убакытка чейин добуштарды саноонун жыйынтыгына каршы чыккан атаандаштар ортосундагы бардык соттук териштирүүлөр бүтүшү керектигин кошумчалады.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо өттү. БШК жыйынтыктарды бекитти. №29 Свердлов жана №27 Биринчи Май шайлоо округдарында кайра шайлоо өтөт. Анда көпчүлүктү “бардыгына каршы” талапкер жеңип, добуш жараксыз деп табылган.