Токиодогу Мэйдзи университетинин профессору даамдарды синтездей ала турган аппарат түздү. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Хомей Мияшита Taste the TV (TTTV) аппаратын тартуулады, ал ар кандай тамак-аш даамдарын синтездей ала турган аппараты бар смарт ТВ экраны. Окумуштуунун айтымында, аппарат үй шартында дүйнөдөгү ресторандардын түрдүү тамактарынын даамын татып көрүүгө мүмкүндүк берет.

Мияшитанын ойлоп табуусунда ар кандай тамак-аш кошулмалары бар 10 кичинекей канистр бар. Колдонуучунун суроо-талабына жараша атайын алгоритм керектүү даамды алуу үчүн компоненттерди аралаштырат. Андан кийин, суюк абалда пайда болгон состав атайын субстраттын үстүнө агып түшүп, анын даамын тилиңиз менен сезе аласыз.

Хомей Мияшита бул ойлоп табуунун пандемияда, ресторандарга баруу жана өлкөлөр ортосундагы каттамдарга баруу мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондо пайдалуу болушу мүмкүн экенин айтты. «Максат — адамдарга үйдө отурганда да дүйнөнүн башка тарабындагы ресторанда тамактанууга мүмкүнчүлүк берүү», —  дейт профессор.

Маалым болгондой, Миясита системасынын прототиби бир жылдын ичинде өз алдынча курулган. Окумуштуу анын ойлоп табуусунун коммерциялык версиясы болжол менен 875 долларды түзгөнүн айтат.