Кыргызгидромет агенттиги шашылыш билдирүү таратып, жекшембиден тарта күн сууктап, кар жаай турганын маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, 26-декабрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

27-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Ал эми күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Баткен, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы болжолдонду.

Ысык-Көл, Нарын облустарында 26-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, 27-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдорго муз тоңуп тайгак болот. Кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Муну менен катар абанын температурасы төмөндөй турганы айтылды.

27-28-декабрь күндөрү Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5, Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5 суук, күндүз -2…+3, тоо этектеринде түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6 градус суук болот.

28-29-декабрда Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -6…-11, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -10…-15 градус суук болот.

Мындай катаал аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттардагы малды кармоону кыйындатат.