Жетинчи чакырылыштын депутаттары бүгүн спикерди, анын орун басарларын шайлап, Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитишет. Бул тууралуу парламенттин аппаратындагы булактар ​​билдирди.

Биринчи сессияны эң улуу депутат “Ынтымактан” Шарапаткан Мажитова ачат.

Бул өлкө тарыхында Жогорку Кеңештин жыйынын аял киши ачкан биринчи окуя болмокчу.

Андан ары парламентарийлер төраганы жана вице-спикерлерди шайлашат, ЖКнын түзүмүн бекитишет.

Буга чейин маалымдалгандай, спикерликке үч талапкер: Нурланбек Шакиев (No17 Аксы бир мандаттуу шайлоо округу), Улугбек Ормонов («Ишеним» партиясы) жана Талант Мамытов («Ынтымак» партиясы) бар. Алдын ала маалыматтарга караганда, Талант Мамытов спикерлик кылат.