Коом

2021-жылы Кыргызстандын абак жайларында 5 ишкана ачылган

2021-жылы Кыргызстандын абактарында 5 өндүрүштүк ишкана ачылды. Бул маалымат Жаза аткаруу кызматынын жылдык отчётунда айтылды.
Атап айтканда, «Келечек» мамлекеттик ишканасы жумуртка салгыч чыгарган, тоок сойгон, таш төшөмө (брусчатка) чыгарган, булгаары жана кийизден сувенир тиккен, кир самын чыгарган цехтерди ачып берген.
Мындан тышкары абактардан 126 килограмм 660 грамм 862 миллиграмм баңгизаттын ар кандай түрлөрү табылган.
Абактагы 10 адам диний-экстремисттик, террордук көз караштарынан баш тарткан.
«Качкын» операциясынын жүрүшүндө абактан качкан 89 адам, сот өкүмү чыгып, издөөдө жүргөн 45 адам кармалган.
Жазасын өтөп жаткан 1051 адам 6 кесиптик лицейде 22 адистик боюнча билим алып жатат. Дагы 5 адамга абактан бошотулгандан кийин социалдык жардам берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button