Ноокат райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору сайдагы аппак суу боюнча комментарий берди.

Маалыматка караганда, билдирүүнү тактоо үчүн аталган борбордун адистери Ноокат районунун Арал айылына барышты. «Мармара Стоун» жоопкерчилиги чектелген коому таш кесүү учурунда суу пайдаланат. Ал суу дарыянын жээгинде жасалган атайын уюштурулган көлмөлөргө куюлат. Дарыяга жакын жайгашкан көлмөдөн өндүрүштөн чыккан суу дарыяга кошулуп аккан.

«3-январь күнү лабораториялык изилдөөгө дарыядан агып жаткан суудан үлгүлөр алынып, текшерүү иштери жүргүзүлдү. Санитардык-гигиеналык лабораториянын протоколуна ылайык, дарыядан алынган суу үлгүсү ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент талаптарына шайкеш келет. Мындайча айтканда химиялык көрсөткүчтөрү таза деп чыгарылган. «Мармара стоун» ЖЧКнын өндүрүшүндөгү табылган кемчиликтерди четтетүү үчүн санитардык көрсөтмө даярдалып берилди», — деп айтылат маалыматта.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Мармара стоун» ЖЧКнын директору катары Исмаилова Баян Рахманжановга көрсөтүлгөн. 2019-жылы 6-мартта кайра каттоодон өткөн.

Белгилүү болгондой, буга чейин Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Арал айылын аралап өткөн сайдын суусу ак болуп, жашоочуларды тынчсызданткан. Социалдык тармактардын колдонуучулары видео менен бөлүшүп, бул сай жээгинде жайгашкан мончодон чыккан саркынды суу экенин божомолдошкон.

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан Дастан Ажибеков бул окуя боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берген.

«Бул сууну Арал айылы таза суу катары пайдаланбайт. Бирок, бизден ылдый кеткен Кара-Кокту, Капчыгай айылдары таза суу катары колдонушат. Ал эми аппак суу боюнча айтсам, сайдын жогору жагында мрамор чыгарган ишкана бар. Ошолордун калдык төккөн бассейнинин чети бузулуп кетип, суу агып кетиптир. Жарым саат, бир саатта суу тазаланган. Экотехинспекция жерине барып көргөн, бүгүн акт түзүлөт», — деген Ажибеков.