Бишкек шаарында республикалык бюджеттин эсебинен быйылкы жылы 15 мектепти куруп, пайдаланууга берүү пландаштырылууда, анын ичинде иштеп жаткан мектептерге кошумча окуу корпустары да бар. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектептерди республикалык бюджеттин эсебинен куруу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашат.

 Бүгүн, 4-январда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бала бакчалардын жана мектептердин курулушу менен таанышты.

Мэр биринчи барган объекти «Мурас-Ордо» жаңы конушундагы мектеп болду. 2019-жылы бул объектинин курулушу токтотулган. 2021-жылы мектептин курулушун улантууга каражат бөлүнгөн. Учурда чатыры жабылып, дубалдарын төшөө иштери башталды. Имарат жалпысынан 660 орунга эсептелип, 40% бүткөрүлгөн.

Андан ары мэр «Касым» жана «Кара-Жыгач» конуштарындагы бала бакчаларды реконструкциялоо жана куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

«Шоола» бала бакчасын реконструкциялоо иштери 2021-жылдын октябрь айынын ортосунда башталган. Учурда полдун төшөлмөсүн, кирпич тосмолорун демонтаждоо, жер иштетүү, ички жана тышкы канализация, ирригация, бетон стяжка, тилкелүү пайдубалдарды, кирпич тосмолорду демонтаждоо иштери аяктады. Электр жарыгын монтаждоо, дубалды керамикалык плиткалар менен каптоо иштери журуп жатат. Мэр ишти 2021-жылдын 1-июнуна чейин бүткөрүүнү, ошондой эле бала бакчанын жанаша жайгашкан аймагын жакшыртууну тапшырды.

Кара-Жыгач конушундагы бала бакчанын курулушу 2021-жылдын июнь айында башталган. Бүгүнкү күндө рамканы жана чатырын монтаждоо иштери аяктап, биринчи жана экинчи кабаттардын кирпич менен жабылуу баскычында. Сантехника, откананын пайдубалын куруу жана электр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.

«Алтын-Ордо» жаңы конушундагы 480 окуучуга эсептелген мектептин курулушу менен таанышуу учурунда мэр бардык курулуп жаткан объектилерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү кызматтардын жетекчилерине тапшырды.

Алтын-Ордо конушундагы мектептин курулушу 2021-жылдын май айында башталган. Бүгүнкү күндө биринчи блоктун эки кабатынын жана үчүнчү блоктун колоннасынын курулушу аяктады, ошондой эле үчүнчү кабаттын кирпичтерин даярдоо жана үчүнчү блоктун устундарына жана пол плиталарына опалубкаларды орнотуу иштери жүрүп жатат.