Казакстандын Нур-Султан шаарынын аэропортундагы бардык аба каттамдар убактылуу токтотулду. Мындай чектөө бүгүн саат 12:00гө чейин боло турганын «Sputnik Казакстан» агенттиги жазды.

Ошондой эле Нур-Султан шаарындагы бардык административдик имараттар катуу кайтарууга алынды.