Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө бир катар ыкчам тапшырмаларды берди. Бул туурасында мамлекет башчынын Акорда сайты маалымдады.
Анын негизгилери төмөнкүлөр:

Башкы прокуратура, Улутттук коопсуздук комитети, ИИМ жана башка компетенттүү структуралардын өкүлдөрүнөн турган атайын тергөө комиссиясын түзүү. Алар болуп өткөн окуялардын себебин тактоо, бардык күнөөлүүлөрдү аныктап, кылмыш жана административдик жоопко тартуу иштери менен алектенет;

Куралдуу күчтөр, Улуттук коопсуздук комитети, ИИМ, Улуттук гвардия жана башка күч түзүмдөрү аскер кызматкерлеринин моралдык духун көтөрүү үчүн жогорку даярдыктагы аскердик иш-чараларын жүргүзсүн;

Региондордун акимчиликтери набыт болгон аскерлердин жана полиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө татыктуу материалдык колдоо көрсөтүү;

Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги ИИМ менен бергиликте кылмыштуу топтордун аракеттеринин жыйынтыгында дайынсыз жоголгон жана жаракат алган жарандар тууралуу маалымат берүү үчүн 1414 сall-борборунун базасында түз байланыш түзүү;

Башаламандыктын кесепетинен тарткан зыяндын суммасын баалоо үчүн комиссия түзүү. Кырдаал турукташкандан кийин Алматы жана башка аймактарда административдик имараттарды, социалдык объектилерди, турак жайларды калыбына келтирүү иштери башталсын;

Акимдер коммуналдык кызматтардын, коомдук транспорттун жана социалдык инфраструктуралык объектилердин иштерин турукташтырсын;

Кылмыштуу аракеттерден жабыркаган кичи жана орто бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүү иш-чараларын кабыл алуу.