Коом

Шайлообек Атазов: Командабыз менен боордош бир тууган элибиз үчүн ар тараптуу материалдык жардам берүү чечимин кабыл алдык

Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Казакстандагы болуп жаткан окуялар тууралуу Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү жазды. Анда «Кыйынчылыкка кабылган казак эли үчүн зарыл болгон кандай жардам болбосун жардам берүүгө даярмын» деп айтылат. Тектти өзгөртуусуз беребиз:
«Ассалому аллейкум.
Боордош Казакстанда болуп жаткан трагедиялуу окуяларга терең тынчсыздануу менен көңүл айтам. Кыйынчылыкка кабылган казак эли үчүн зарыл болгон кандай жардам болбосун жардам берүүгө даярмын. Учурда биздин команда боордоштор бир тууган элибиз үчүн ар тараптуу материалдык жардам берүү чечимин кабыл алдык. Эң биринчи зарылдык кайсы болсо ошону берүүгө даярбыз. Биз боордош элди кыйынчылык учурда колдойбуз. Каза болгондордун жакындарына, туугандарына, жалпы казак элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Биз Кыргызстандагы спорт коомчулугу, бардык достор, санаалаштар Казакстандагы жараат алган бир туугандарыбызга жардам акциясын баштагандыгыбыз жөнүндө расмий билдиребиз» — деп жазылган билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button