Кечээ, 9-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырып, казак элчисине нота тапшырды.

Өз кезегинде, Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаев кыргыз тарабынын тынчсыздануусу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине тез арада жеткирилерин айтып, жакынкы аралыкта кеңири маалымат берүүнү убадалады. Ал азыркы оор кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзөт деп ишендирди.