КР УКМК аткезчилик фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын алкагында, 2022-жылдын 5-январында “Чоң-Капка авто-жол” контролдук өткөрүү пунктунда дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылуу учурунда КР “Т.А.” аттуу жаранынын башкаруусунда «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалды.

УКМКнын басма сөз кызыматынан кабарлагандай, унааны текшерүү учурунда, жалпы суммасы болжол менен 10 миллион сомдон ашык болгон, ар түрдүү товарлар деп катылган, 224 кутуча дары-дармектер табылды. Ошол эле учурда бул дары-дармектердин тиешелүү документтери жок болуп, ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылган эмес.

Белгилей кетсек, бул унаа Россия Федерациясынан келип, республикабыздын түштүк аймактары көздөй бара жаткан.

Учурда бул фактынын жагдайларын тактоо, анын ичинде контрабандалык жүктүн келип чыгышын жана чыныгы ээлерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.