2022-жылдын 4-январь күнү саат 21:57 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө Ош ОИИБдин ЖКККБнын кызматкери тарабынан телефон аркылуу Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында, тактап айтканда Бишкек-Ош унаа жолунун 663-чакырымында «Т» бурулуш участкасына жакын жайгашкан талаада М.А өзүнүн аялы 30 жаштагы Г. Тны өлтүрүп койгондугун кабарлаган.
Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБнүн жетекчилиги менен бирге Нариман АМБнун ыкчам-тергөө тобу жана Ош ОИИБдин жетекчилиги ыкчам-тергөө тобу менен бирге чыгып, төмөнкүлөр аныкталган:
Окуя болгон жер Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Фуркат айылынан өтүүчү Бишкек-Ош автожолунда орун алган, “Т” аталыштагы бурулуштун батыш тарабындагы болжол менен 700-800 метр аралыкта, талаа менен өтүүчү жол болуп саналат. Окуя болгон жерге кароо учурунда, жолдо чыгыштан-батыш тарапты карай токтоп турган, “Хундай-Санато” үлгүсүндөгү унаанын арткы олтургучунда чалкасынан жаткан абалда 1991-жылы туулган Г. Тнын жансыз денеси табылган.
Каза болгон жарандын жансыз денесине сырттан кароо учурунда, анын мойнунда жолугу оролуп, моюнунда кызгылт түстөгү тактар бар экендиги аныкталган. Т.Газиеванын денесинен алган жаракаттарынын оордук даражасын жана өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул кылмышка шектүү катары маркумдун өмүрлүк жолдошу 38 жаштагы М.А кармалган.
Алдын ала тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө, кылмышка шектүү аталган автоунаанын айдоочусу 1983-жылы туулган М. А. өзүнүн көрсөтмөсүндө, каза болгон Г.Т анын экинчи жубайы экендигин, 2022-жылдын 3-январь күнү пикир келишпестиктин айынан сөз талашып урушкандыгын, 4-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында үйүнө келип, аялы Г.Тны алып, өзүнүн унаасы менен Өзгөн шаарына барып, ал жактан кайрадан Ош шаарына карай келе жатып, Фуркат айылына келген учурда экөө сөз талашып урушуп, “Т” бурулушунан талаа тарапка карай айдап, токтогон учурда, аялы унаадан түшүп, ага карай жерден алган кыш (кирпич) менен урган учурда, аны колу менен бет тарабына 1-2 жолу уруп, алыша кетип жерге жыгылган учурда, анын оозун колу менен жаап, жолугу менен муунтуп, аялы кыймылдабай калган учурда унаанын арткы орундугуна олтургузуп, окуя болгон жерден жылып жаткан учурда милиция кызматкерлери келгендигин билдирген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-беренесинин 2-бөлүмүн 5-пункту ( Адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, 2022-жылдын 5-январында жаран М.А. Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 96-беренеси менен Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы