Бүгүн, 17-январда, президент Садыр Жапаровдун кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Эске сала кетсек, мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 10-январынан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккан.