Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү агенттиктер өздүк булактарга таянуу менен жазышууда. ​​

Белгилүү болгондой, Бекназаров 2010-жылдын июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгында көрсөтмө берип жатканы кабарланды.

Убактылуу өкмөт 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин түзүлгөн. Анын курамына 14 адам кирген, анын ичинде Роза, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев жана Азимбек Бекназаров, Дамира Ниязалиева , Эмилбек Каптагаев  болгон.

Июнь окуясы боюнча кылмыш ишин иликтөө 2021-жылдын апрель айында кайра башталган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Иш Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата 2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө кайгылуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун өлкөдөн тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгып кетишине көмөктөшүү фактысы боюнча козголгон.