Коом

Бишкек эркин экономикалык аймагында эки ири завод ачылат

Бишкек эркин экономикалык аймагында эки ири завод ачылат. Бул тууралуу «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек эркин экономикалык аймагындагы иштетилбей турган участокторго жыл ичинде 1 миллион доллардан ашуун инвестиция салып, завод жана фабрикаларды ачкан инвесторлорго ижара акылары төмөндөтүлгөн.
Тактап айтканда объектинин курулушу аяктаганга чейин, 1 жылга бекитилген ижара акысынын 1 пайызын гана төлөө бекитилген. Анын натыйжасында эки ири инвестор тартылып, эки өндүрүштүк ишкана — металлургиялык комбинат жана тери сырьесун жана булгаары буюмдарды кайра иштетүүчү завод курула турган болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button