Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББдан 2022-жылдын 16-январында  келген көрсөтмөнүн негизинде Баткен облусунун аймагында 17-январдан 30-январга чейин “Кошумча жабдык”  аталышындагы рейдтик иш-чара жүрүүдө. Рейдтин негизги максаты облус аймагында жол унаа кырсыктарынын оор кесепеттерин алдын алуу жана болтурбоо.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө өз алдынча уруксааты жок кайра жабдуу иштерин жүргүзгөн  айдоочуларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде чара көрүлүп, айдоочулар арасында ашыкча жүргүнчү салбоолору жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоолору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнүн басма сөз кызматы