Өзбекстанда заманбап технологиялардын негизинде учкучсуз учуучу аппараттарды чыгара башташты. Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын Коргоо өнөр жайы боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Комитеттин алдында учкучсуз учуучу системалар боюнча илимий-өндүрүштүк борбор түзүлгөн. Аталган борбор эл аралык техникалык талаптарга жана стандарттарга толук жооп берген “Лочин” учкучсуз учуучу аппараттарын чыгарууну баштады.

Эки башка максатта иштелип чыккан бул долбоор Борбор Азияда биринчи жолу Өзбекстанда өздөштүрүлүп, ишке киргизилген.

Борбор учкучсуз учуучу системаларды өндүрүү, жыйноо, оңдоо жана тейлөө үчүн зарыл болгон жыйноочу агрегаттар, технологиялык жана атайын жабдуулар, текшерүү (лабораториялык сыноо) сыяктуу технологиялык жабдуулар менен жабдылган.

Учак жана квадрокоптер тибиндеги «Лочин» учкучсуз учуучу аппараты бир нече максаттарга арналган: чалгындоо тапшырмаларын аткаруу, сокку уруу, реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүү, маалымат алуу, артиллериялык аткылоо процессин башкаруу, ошондой эле картага түшүрүү, топографиялык изилдөө, айыл чарба, нефть-газ, токой, темир жол, геология тармактарындагы резервдерди, жолдорду, социалдык инфраструктураны жана башка маанилүү объектилерди мониторингдөө.