Кыргызстанда калктын 47 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
Ал өз сөзүндө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы эмдөө экенин эске салды.
Министрдин орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 1 млн 270 миңден ашык адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 62 миңден көбү экинчи компоненти менен эмделди. Учурда жалпы республика боюнча 860тан ашуун эмдөө пункту бар.