Кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковду Алматыдан Бишкекке алып келишүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Анын айтымында, Чолпонбек Сыдыковду «Тез жардам» унаасы менен «Ак-Жол» постуна алып барышат, аны дарыгерлер жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышат.

Чолпонбек Сыдыковдун буту жана кабыргасы сынып, ага тез арада операция жасалышы керек экени айтылган.

Буга чейин дайынсыз жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков Алматыда табылганы маалымдалган. Ал коңшу өлкөдө башаламандыкта  шаардын райондук ички иштер бөлүмүндө сабалганын айткан.