Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жазып, аталган облустагы чек арага чектеш 62 айылдын тизмесин жарыялады.

«Урматтуу облус тургундары

Көпчүлүк жарандар Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын тизмесин сурап жатышат. Аталган тизмедеги өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 359 Токтомунун негизинде кабыл алынган.

Ошондой эле 62 айылдын тизмесине кирбей калган  айрым айылдардын жашоочулары да кайрылып жатышат. Мен ал маселе боюнча да эске аламын.

ТИЗМЕ:

Лейлек району:

— Жаңы-Жер айылдык аймагы: Центральное (Борбордук) айылы Жаштык участогу менен, Арка, Достук айылдары жана Ай-Көл участогу;

— Кулунду айылдык аймагы: Интернациональное, Коммунизм (Ак-Арык), Ленин (Раззаков), Максат айылдары жана Кайрагач, Майты, Сада участоктору;

— Исфана шаары: Мырза-Патча айылы;

— Бешкент айылдык аймагы: Эски-Оочу айылы;

— Сумбула айылдык аймагы: Көк-Таш айылынын Дейнөө участогу.

Баткен району:

— Кыштут айылдык аймагы: Таян, Согмент, Чарбак жана Сай айылдары;

— Суу-Башы айылдык аймагы: Боз-Адыр, Кара-Токой, Бөжөй жана Апкан айылдары;

— Төрт-Күл айылдык аймагы: Ак-Өтөк, Зар-Таш, Чоңгара жана Чоң-Талаа айылдары;

— Кара-Бак айылдык аймагы: Достук, Дөбө жана Кара-Бак айылдары;

— Самаркандек айылдык аймагы: Самаркандек, Миң-Өрүк жана Паскы-Арык айылдары;

— Ак-Сай айылдык аймагы: Ак-Сай, Таштумшук, Үч-Дөбө, Көк-Таш, Миң-Булак жана Капчыгай айылдары;

— Ак-Татыр айылдык аймагы: Ак-Татыр айылы жана Орто-Боз  айылы (Көк-Терек) Мазеиттин жери участогу менен.

Кадамжай району:

— Ак-Турпак айылдык аймагы: Өтүкчү, Калача, Кызыл-Коргон Ак-Турпак жана Чоң-Кара айылдары;

— Алга айылдык аймагы: Чуңкур-Кыштак, Алга жана Адыр айылдары;

— Бирлик айылдык аймагы: Чечме, Сырт жана Ынтымак айылдары;

— Абсамат Масалиев айылдык аймагы: Какыр жана Лесхоз айылдары;

— Көтөрмө айылдык аймагы: Ак-Кыя жана Кара-Шоро айылдары;

— Кыргыз-Кыштак айылдык аймагы: Кыргыз-Кыштак жана Кайтпас айылдары;

— Халмион айылдык аймагы: Ынтымак, Көк-Тал, Чекелик, Жошук, Жаңы-Айыл, Ирилеш, Гүлдүрөмө (Жаңы-Жер участогу), Ноогардан, Халмион айылдары».