Кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 27-январда аяктайт.Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы эскертет.
Маалыматка ылайык, Свердлов жана Биринчи Май округунда өтө турган кайра шайлоого катышуу үчүн 49 жаран арыз менен кайрылды.
Эске салсак, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Мындан улам Бишкектин аталган округдарда кайра шайлоо 27-февралга белгиленген.