Саясат

Депутаттар Улукбек Мариповдун Сауд Аравияга элчи болушун колдоду

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Улукбек Мариповдун талапкерлигин Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси кызматына колдоду.

Улукбек Мариповду депутаттарга тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев тааныштырды.

Анын талапкерлиги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып, бир добуштан колдоо тапты. Комитеттин төрагасы Жанар Акаев Сауд Аравияга эки жылдан бери элчи дайындала электигин белгиледи.
Соңунда Марипов депутаттардын сунуштарын эске алып, мамлекетти, элди уят кылбай иштеп берүүнү убадалады.
Эми ал президент тарабынан дайындоо жарлыгы чыккандан кийин элчилик кызматка расмий түрдө киришет.

Эскерте кетсек, Марипов 2021-жылдын 3-февралынан 5-майына чейин өкмөт башчы кызматын аркалап келген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button