БШКнын жумушчу тобу депутат Исхак Масалиевди Бишкектин эки шайлоо округу боюнча кайталап шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты.

Белгилей кетсек, эл депутаты Биринчи Май бир мандаттуу шайлоо округуна депутаттыкка талапкерин көрсөткөн. Бирок аны каттоодон баш тартышкан. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен келген учурдагы депутат бир мандаттуу болуп ат салышууда мыйзамга карама-каршылык жок экенин билдирген.

Исхак Масалиев да ушундай ойдо жана бул тууралуу Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, ал Биринчи Май районунан талапкерлигин көрсөтүү арызын 24-январда БШКга тапшырган.

Ал эми депутат Масалиев шайлоодо жеңип чыкса “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесинен чыга турганын билдирип, анын ордун тизмедеги кийинки талапкер ээлей турганын айткан.

«Мен Биринчи Май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетим тууралуу арызымды тапшыргам. Негизгиси, мен шайланып калсам, парламенттеги ордума “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен башка депутат келмек. Оппозициячы депутаттардын саны бирге көбөймөк. Ага мыйзам жол берет. Бирок, БШКнын жумушчу тобу билдирүүм боюнча мага кат жиберди. Чынын айтсам, бул мыйзамсыз жана негизсиз. Мыйзамсыздык азыр көнүмүш адатка айланып калгандыктан, сотко берип, чындыгымды далилдейм деген ниетим жок.

Мен БШКнын жетекчиси менен сүйлөштүм, ал жумушчу топ менен бирдей пикирде. Президент аны сыйлагандыктан, талаш-тартыштын жыйынтыгын айтуу кыйын эмес. Ар бир талапкерге ийгилик каалайм», — дейт ал.