«Кыргыз Республикасы Премьер-министр Нарендра Моди мырзанын „Индия — Борбордук Азия“ диалогдук платформасын түзүү демилгесин кубаттайт жана колдойт», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, «Индия — Борбордук Азия» онлайн саммитинин жүрүшүндө.

Мамлекет башчысы Индиянын стратегиялык өнөктөштүктүн, көп кылымдык ынак коңшулаштыктын, тарыхый жана цивилизациялык байланыштардын духуна ылайык Кыргызстандын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна, өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көңүл буруусун өзгөчө белгиледи.

Садыр Жапаров Диалогдун биринчи жолугушуусунан берки акыркы үч жылдын ичинде аймактар аралык кызматташуу жана өз ара аракеттенүү кийинки сапаттык деңгээлге чыгып, кошумча маанилүү мазмун менен толукталганын белгиледи.