Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Көк-Таш айылындагы 2022-жылдын 27-январындагы Тажикстан тараптын куралдуу кол салуусунан улам чек арадагы айылдардагы мектептер убактылуу токтотулган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.

2022-жылдын 31-январь күнү Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Орто-Боз, Паскы-Арык, Таш-тумшук айылдарында жайгашкан билим берүү мекемелери, орто мектептер өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады.

Мектеп окуучуларынын коопсуздугун балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көзөмөлгө алып, жеринде күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Мындан сырткары аталган аймактарда коомдук тартипти көзөмөлдөө, чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында ИИОнун кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.