Коом

Көк-Арт ашуусунда узундугу 3890 метр болгон тоннелди тешүү аяктады

Түндүк-Туштүк унаа жолундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелди тешүү иштери аяктап, магистралдык тоннелдин курулушу уланууда, деп билдирет КР Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Түндүк-Түштүк, Фаза 1, Казарман айылы – Жалал-Абад шаары альтернативдүү унаа жолун куруунун алкагында узундугу 3890 метрди түзгөн тоннелдин курулушу жүрүп жатат. Тоннелдин бийиктиги болжол менен 9 метрди, туурасы 10 метрди түзөт, бул экинчи техникалык категориядагы эки тилкелүү кыймылды эркин өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Салыштыруу үчүн айта кетсек, Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев тоннелинин туурасы 6,2 метр, бийиктиги 4,5 метр.

Ошондой эле туннелге параллель авариялык кырдаалда адамдарды жана унааларды эвакуациялоого мүмкүндүк берген бийиктиги жана туурасы 4 метрди түзгөн өтмөк казылып жатат. 2022-жылдын 30-январында адиттин казуу иштери аяктап, магистралдык тоннелде иштер уланууда. Тоннель куруу иштерин бүтүрүү 2022-жылдын аягына пландаштырылган.

Долбоор Кытайдын “Эксимбанкы” тарабынан бөлүнгөн каражатка жана Кыргызстандын бардык аймактарында көптөгөн жол куруу долбоорлоруна катышкан «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» компаниясынын жардамы менен ишке ашырылууда. Курулуштун көзөмөл консультанты “Кыргызжолтранспортдолбоору” институту болуп саналат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button