Бүгүн, 1-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Тоо этектери жана жолдордун тоолуу бөлүгү тоңголок жана тайгалак болот, деп билдирди Кыргызгидромет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +3…+8
Талас облусунда +3…+8
Баткен облусунда +5…+10
Ош, Жалал-Абад облустарында +5…+10
Ысык-Көл облусунда +2…+7
Нарын облусунда -2…-7
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +6…+8 градуска жетет.