Мамлекеттик чек ара линиясын аныктоо маселеси – бул кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын милдети жана ал гана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы аймактык талаш-тартышка чекит кое алат. Бул тууралуу КР президентинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Фейсбуктагы  баракчасына жазды.

Анын айтымында, Баткен облусу (Кыргызстан) менен Согди облусунун (Тажикстан) башчыларынын милдети чек арада жаңжалдын чыгып кетүүсүнө жол бербөө, чек ара аймагындагы экономиканы өнүктүрүү болуп саналат.

“Биз чек араны аныктоонун алкагындагы талаш-тартышты аскердик аракеттер менен чечүү мүмкүн эмес экенине дагы бир жолу ынандык. Сүйлөшүү үстөлүндө конструктивдүү жана тынч диалог керек, анткени чек арага жакын аймактарда жашаган элдин өмүрү, алардын жана балдарынын келечеги, Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын келечеги коркунучта.

Мен тажик тарапты кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы мыйзамдуу түрдө чечилгенге чейин чек арада абалды курчутуучу билдирүүлөрдү жасоодон карманып турууга чакырам. Бардык күч-аракетти чек арадагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо, элдердин ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды бекемдөөгө багыттоону сунуштайм”, — деп жазган ал.