Саясат

Экс-премьер-министр Игорь Чудинов Башкы прокуратурада сурак берди

Башкы прокуратура мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов сурак берип чыкканын кабарлады.

Ага ылайык, Чудинов кыргыз-тажик чек арасы боюнча Адахан Мудамаров кол койгон протоколго байланыштуу сурак берип чыккан.

“Игорь Чудинов күбө катары суракка чакырылды. 2009-жылы аталган делегациянын курамында Баткенге баргандардын баары суракка алынат”, — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Белгилей кетсек, Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго кол койгон. Игорь Чудинов ошол маалда өкмөт башчы болуп турган.

Анда Мадумаров Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу тууралуу протоколго кол койгон. Бул документтин тегерегинде көп сөздөр айтылып келет. Быйыл эле Адахан Мадумаров бул иш боюнча бир нече жолу сурак берген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button